ШКУ саммитине карата буга чейин жасалган иштер боюнча президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов баштаган уюштуруу комитети 13-августта маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Жыйын эл аралык пресс-борбордо болуп, ага КР тышкы иштер министри Эднан Карабаев, ички иштер министри Болотбек Ногойбаев, маданият жана маалымат министри Султан Раев менен Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев катышат деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саммити 16-августта Бишкекте өткөрүлөт.(ZKo)
ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саммити 16-августта Бишкекте өткөрүлөт.(ZKo)