Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

18:06 Кадамжай районунун дыйканчылык конушунда жарылбай калган бомба табылды


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев 11-август күнү «Азаттыкка» маалым кылды. Болжол менен 60-жылдарга тиешелүү делген, жарылуучу авиациялык бомба, Кадамжай районуна караштуу Минчынар айылынан алыс эмес дыйканчылык талаасында, айдоо иштерин жүргүзүп жаткан атуул тарабынан табылган.
Учурда жардыргыч бомба тиешелүү органдар тарабынан изилденип жатат.
Облустук акимчилик өкүлү Таштемир Эшалиевтин айтымында, өткөн кылымдын 60-70-жылдары азыркы Кадамжай районунун Актурпак, Халмион айыл өкмөттөрүнүн жана Өзбекстандын Риштан районунун аймагында Советтик машыгуу полигондору жайгашкан болчу. (SA)

XS
SM
MD
LG