Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

20:00 Нарындагы Каракече көмүр кендерин ээлик кылууга кимдер кызыкдар


Мындай билдирүүнү облустук алкакта өткөрүлгөн кышка карата даярдыкка арналган жыйын маалында, Кыргыз эл депутаты Камчыбек Жолдошбаев маалымдады. Каракечеде көмүр казган фирмалардан жергиликтүү балдардын коркутуп-үркүтүү аркылуу бекер көмүр алуулары тыйылбай жатат. Алардын артында бийликтин жана укук коргоо органдардын айрым өкүлдөрү турушат. Быйыл мындай аракеттерди облустук ички иштер башкармалыгы токтотуш керек, деген Камчыбек Жолдошбаев, “Бешсары” фирмасы Нарын облусунан 10 миллион сом аласа экендигин билдирди. Ал эми “Акулак” мамлекеттик акционердик коому 11 миллион, “Акжол” фирмасы 22 миллион сом чыгаша менен турушат. Губернатордун биринчи орун басары Исабек Абдыгазиевдин айтымында, ушул күнгө чейин облуска бир тоголок көмүр тартыла элек. Болгону Атбашы районунда 1650 тонна көмүр даярдалган. Үстүбүздөгү кышка карата облуска жалпысынан 40960 тонна көмүр тартылышы керек. (KUs)

XS
SM
MD
LG