Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:36

Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!


Гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча, 12-августта нөшөрлөгөн жаандан улам өлкөнүн тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

12-августта Кыргызстанда жамгыр жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +14...+19, күндүз +23...+28 градус жылуу.
Таласта түнкүсүн +11...+16, күндүз +22...+27 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...24 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус.
Борборубуз Бишкекте күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16...+18, күндүз +26...+28 градус.

Күндүн узактыгы: 14 саат, 04 мүнөт.

XS
SM
MD
LG