Бул тууралуу “Азаттыкка” банкир Болот Байгожоев билдирди. Анын айтуусунда 41 пайыз акцияга ээ акционерлер тобунун жаңы башкармалык шайлап алуусуна мыйзам жол бербейт. “Биринчи май райондук сотунун чечими адилетсиз, ошондуктан дүйшөмбүдөн тарта жогорку инстанцияларга кайрылабыз”,-дейт Болот Байгожоев. “Ысыккөл-инвест” банкынын айланасындагы маселе боюнча ал 13-августта атайын маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттерге бул маселе тууралуу баарын айтып бермекчи.
“Ысыккөл-инвест” банкын 10-августта Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде банк акционерлеринин бир тобу ээлеп алышкан. Ички иштер министрлиги 11-августта тараткан билдирүүсүндө банктын ээлери мыйзам чегинде алмаштырылгандыгын, бул Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде ишке ашкандыгын билдирген. (ZKo)