Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:18

13:20 Көмүр казып алуу аксап жатат


Жыл башынан бери Кыргызстанда 87,9 миң тонна көмүр казылып алынган. Жыл аягына чейин жалпы Кыргызстан боюнча 340 миң тонна көмүр казылып алынуусу күтүлүүдө. Алдын ала берилген божомолдор боюнча 2007-жылы 402 миң тонна көмүр казылууга тийиш болчу. Адистердин айтуусунда Кыргызстандын кендеринен казылып алынган көмүр республиканын калкын толук камсыз кылууга жетет. Бирок кээ бир тоскоолдуктардан улам көмүр казып алуу жыл өткөн сайын азайып баратат. Буга эң биринчиден шахты техникасынын эскилиги, көмүр базарынын чакандыгы, акыркы жылдары катуу отунга болгон талаптын азайып бара жаткандыгы жана ошондой эле бул тармакка салынуучу каражаттын жетишсиздиги себеп болууда.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча көмүр тармагын иштетүү үчүн жакынкы үч жылга эле 265 млн сомго чукул жатырым (инвестиция) керек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG