Президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов баштаган уюштуруу комитетинин өкүлдөрү бүгүн журналисттер менен жолугуп, саммитке даярдыктар жана буга чейин жасалган иштер тууралуу сөз кылышат. Маалымат жыйыны саммитке карата уюштурулган “Ак кеме” мейманканасындагы эл аралык пресс-борбордо өтүп, ага тышкы иштер, ички иштер, маданият министрлери жана Бишкек шаарынын мэри катышаары кабарланууда. Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Бишкекте ушул бейшембиде өтмөкчү.(SM)