Бул тууралуу «Азаттыкка» «Жашылдар» партиясынын төрага орун басары Анара Султангазиева билдирди. Аталган партиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Бөлөкбаевди өткөн ишембиде Свердлов райондук соту “Бейбаштык кылган” деген айып менен 10 күнгө эркинен ажыраткан. Милиция кызматкерлери аны ишембиге караган түнү “Ысыккөл-инвест” банкына байланыштуу окуяны тасмага түшүрүп жаткан учурда кармап кетишкен эле.(SM)