Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин билдиришинче бул былтыркы жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу жетимиштен ашык пайызга аз. 2007-жылдын жети айында сексенге жакын кылмыш иши катталган жана алардын дээрлик көпчүлүгү маңзаттарды сатууга байланыштуу. Аталган агенттиктин маалымат кызматынын билдиришинче козголгон кылмыш иши боюнча жетимиш адам кармалган жана алардын жетөө аялдар. (EBM)