Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

13:56 Б. Байкожоев: Ч.Турсунбековду Бакиевдин кишилерибиз дегендер мажбурлашкан


«Ысыккөл» инвестбанктын башкармалыгынын мурдагы башчысы Болот Байкожоевдин билдиргенине караганда, Чыныбай Турсунбековдун банктагы 41% акциясын сатууга президенттин кишилери мажбур кылган. Чыныбай Турсунбеков Банктагы 41% акциясын сатуу демилгесин көтөргөндө, аны акционерлердин өздөрүнө сатууну макулдашкан. Бирок, ишкер акцияларын үчүнчү тарапка сатып, мыйзамсыз кадамга барган. Банктын 41% акциясы 25 миллион сом, ал эми уставдык капитал 75 миллион сом турат. Жагдайга байланыштуу Байкожоев баштаган акционерлер Бишкек шаардык сотуна кайрылышты. Буга чейин банкты басып алууга жол бербөөнү сурап президентке жана премьер-министрге, убактылуу башкаруу киргизүүнү сурап Улуттук Банкка кайрылган, бирок жооп ала элек.(BuS)

XS
SM
MD
LG