Бүгүн АКШ элчиси Мари Иовановичти президент Курманбек Бакиев кабыл алды. Жолугушууда элчи АКШнын «Миң жылдыктын чакырыктары» программасына Кыргызстандын кириши менен президентти куттуктады. Президент жолугушууда бул окуяны эки мамлекеттин жемиштүү кызматташтыгынын үзүрү катары баалады жана Кыргызстан үч багытка: коррупцияга каршы күрөшкө, сот реформасына жана мыйзам үстөмдүгүнө маани берерин билдирди. (BuS)