Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

18:55 Нарын шаардык сотунда Бектемир Акуновдун иши боюнча соттук отурум болду


Бардык тарап макул болуп бир гана айыпталып жаткан эки милиция кызматкеринин бири Акуновдордун өздүк камерасын тартууга макулдук бербегендиктен, судья Жапар Эрматов бул коомдук резонанс жаратып жаткан иш, андыктан соттук чечим чыгаарда гана уруксат берээрин билдирди. Бул жолу 14-апрель түнү Бектемир Акунов ички иштер бөлүмүнөн качып чыкканда, кармап келген милициялар жана ал окуяны көргөн күбөлөр суралышты. Милициялар күч көрсөткөн жокпуз дешет. Көргөн карпайым жашоочулар тээп, көчөдөн тизелетип, андан соң чалкасынан сүйрөп кетишкенин айтышты. Акуновдор болсо соттолуп жаткан эки милиция кызматкерлери күнөөсүз, алар 15-апрелде ңөөмөткө чыгышкан, 14-апрелде түнкүсүн сабагандар бош жүрүшөт деген нааразычылыктарын да билдиришти. Эки милиция кызматкери шалаакылык боюнча өз күнөөлөрун мойнуна алышкан жок. Соттук отурум 14-августта улантылат. (JI)

XS
SM
MD
LG