Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

19:00 Аксы окуясында жабырлангандар Башкы прокурорго кайрылуу жиберишти


2002-жылдын 17-18- мартында жабырлангандардын 18 өкүлү Башкы прокуратурага, экс башкы прокурор Чубак Абышкаев менен орунбасары Абдиевди, окуя учурундагы Ички иштер министри Темирбек Акматалиевди, Ички иштер министрине караштуу ошондогу аскер бөлүктөрүнүн башчысы Калмурат Садиевди кылмыш жообуна тартууну талап кылышты. Алардын белгилешинче облустук жана Аксы райондук Ички иштер жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилери Калбаев, Кулуев, Ракишев, Абдразаков Райкеңештин мурдагы төрагасы Эргешалы Өзөкеевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери туура эмес кыскартылган жана ал иштер кайра каралуусу абзел. Кайрылууда окуяга байланыштуу жаңы жагдайлар боюнча ачылган кылмыш иштери менен аксылыктар менен коргоочуларын жерине келип тааныштыруу талабы да коюлган. Коюлган үч талап аткарылбаса, жабырлангандар күзүндө Аксы-Бишкек жөө жүрүшүн башташаарын эскертишкен. (YA)

XS
SM
MD
LG