Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:41

8:09 Эркин Бөлөкбаевдин камалышына байланыштуу бүгүн маалымат жыйыны өтөт


Аны «Жашылдар» партиясы менен Кыргызстандагы казактардын «Алаш» бирикмеси уюштурууда. Аталган партиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркин Бөлөкбаевди өткөн ишембиде Свердлов райондук соту “Бейбаштык кылган” деген айып менен 10 күнгө эркинен ажыраткан. Милиция кызматкерлери аны ишембиге караган түнү «Ысыккөл Инвестбанкын» жаңы жетекчилик күч менен алуу учурун видеотасмага түшүрүп жаткан жеринен кармап кетишкен эле. Кечээ Бөлөкбаевдин адвокаты райондук сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаар сотуна кайрылды.(SM)

XS
SM
MD
LG