Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:20

10:03 Бүгүн Бишкекке Кытай төрагасы Ху Цзиньтао келет


Өкмөттүн маалымат кызматы Кытай төрагасын «Манас» аба майданында өкмөт башчы Алмаз Атамбаев тосуп аларын кабарлады. Мамлекеттик алгачкы сапар менен келаткан Кытай төрагасы менен Кыргызстан жетекчилери саясий-экономикалык, аймактык коопсуздук боюнча кызматташтык маселелерин талкуулаары болжолдонууда. Ху Цзиньтао Кытайдын төрагасы болуп 2003-жылдын март айында шайланган. Ага чейин Кытай коммунисттик партиясынын баш катчысы, Кытай төрага орун басары, компартиянын борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектептин башчысы болгон. Кытай компартиясынын Борбордук комитетинин катчылыгына жана Саясий бюронун туруктуу комитетинин курамына 1992-жылы кирген. (BuS)

XS
SM
MD
LG