Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

11:34 Жыпаргүл Арыкованын энеси дарыгерлердин тыянагына ишенбейт


Мындай пикирин «Азаттыкка» учурда камакта отурган Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын энеси Тамара билдирди. Тамара Кыясова кызы менен ишемби күнү жолугушуп чыккан. Ал кызынын акыбалы начарлап баратканын белгилеп, онкологиялык илдети козголуп жатат деп болжоодо. Жума күнү дарыгерлер Жыпаргүл Арыкованы карап, саламаттыгын канагаттандырарлык деп баалаган. Адвокаттын айтымында, ал онкологиялык борбордо каттоодо турат. Арыкованы Коопсуздук Комитети 19-июнда кармап, мамлекетке тыңчылык кылды деген айып менен камакка алган. Тергөө иши 19-августта аяктаары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG