Аны Кыргыз Республикасынын премьер-министри Алмазбек Атамбаев жана Тышкы иштер министри Эднан Карабаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү тосуп алды. Кытайдын төрагасынын учагы Бишкек убактысы боюнча саат 12:20да «Манас» аба майданына конду. Ху Цзиньтао Бишкекте президент Курманбек Бакиев, парламент төрагасы Марат Султанов жана премьер Алмазбек Атамбаев менен жолугушат. Анын иш сапары учурунда бир катар эки тараптуу маанилүү документтерге кол коюулары күтүлүүдө. Кытай төрагасы Бишкектеги ШКУнун саммитине эң алгачкылардан болуп келди. (IJz)