Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

13:29 Т. Акун: “Адилет” укуктук клиникасы мени сотко бергенин уккан эмесмин


Кечээ Свердлов райондук соту “Адилет” укуктук клиникасынын лидери Чолпон Жакупованын Президент алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Турсунбек Акунга карата арызын карамак. Бирок сот иши Т. Акун келбей калгандан улам болбой калган. Турсунбек Акун сот тууралуу укпаганын, учурда Чолпонатада эс алууда жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди. “Мен бул тууралуу силерден биринчи угуп жатам. Чолпон Жакуповадан эки жолу кечирим сураган элем, андыктан анын бул кадамын түшүнө албай турам”,-деди Т. Акун. “Адилет” укуктук клиниканын жамааты Тусунбек Акунду июль айында бейөкмөт уюмдардын форумунда жана массалык маалымат каражаттарында “Адилет” клиникасы чет элдик уюмдардын акчаларына саясий иш чараларды уюштурууда деп айткандарын төгүнгө чыгарсын деп сотко кайрылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG