Ишкер Чыныбай Турсунбековдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, «Ысыккөл» Инвестбанкындагы Байкожоев белгилеген 41% акция ишкердики эмес, анын жакындарыныкы. «Алар өз акцияларын Болот Байкожоев менен иштешүү мүмкүн болбой калган үчүн сатышкан. Инвестбанк ачык акционердик коом болгондуктан, акционерлер өз акцияларын каалаган кишилерге сатууга укугу бар.» деп билдирди Турсунбеков. Анын айтымында, Инвестбанктын 800дөн ашык акционери бар. Инвестбанктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев кечээ Чыныбай Турсунбеков өзүнүн 41% акциясын Курманбек Бакиевдин кишилеринин кысымы аркылуу башка бирөөлөргө сатып жиберген деп билдирген. 10-августта жаңы шайланган директорлор кеңеши соттун чечимине таянып, милициянын күчү менен Инвестбанкты ээлеп алышкан. Муну мыйзамсыз деп эсептеген Байкожоев шаардык сотко жана Улуттук Банкка кайрылды. (BuS)