Бүгүн каржы министри Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын төрагасы Чэн Юан менен жолугушуп, кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду. “Кыргызстан кеңири кызматташтыкка, анын ичинде чет элдик инвестицияга даяр”,-деди А. Жапаров. Жолугушууда тараптар каржылоонун негизги багыттарын аныктап, өлкөнүн жол, темир жол, өндүрүш, отун-кубат, туризм жана курулуш тармагына инвестиция керек экендигине токтолушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма соз кызматынан кабарлашты. (ZMa)