«Кыргызстандын кең келечеги үчүн» бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Субаналиев Балыкчы шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкердигин коюп жатат. Каттоого тиешелүү документтерин бүгүн округдук шайлоо комиссиясына тапшырды. Мындай маалымат бүгүн Субаналиевдин өзүнөн алынды. Анын ишениминде 19-апрелге байланыштуу коюлган айып шайлоого катышууга тоскоолдук кыла албайт. Коопсуздук комитети Субаналиевге 19-апрелде массалык баш аламандыкты уюштурду деген айып таккан. (BuS)