Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

18:36 Таласта өкмөт башчыны узаткандарды таш менен ургандардын иши сотко өттү


Эки жылдан бери кендердин иштешине каршы иштеп келген экологиялык “Гринпис” деп аталган бейөкмөт уюмдун лидери Улукбек Осмонов, Талас облустук милиция кызматкерлер тарабынан издөөгө алынды. Ошондой эле өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин картежин таш менен урду деген факты менен кармалган калган тогуз адамдын иши Талас райондук сотко өттү. Алардын ичинен “Аялзат” бейөкмөт уюмунун лидери Лира Тантабаева менен жогоруда аталган Улукбек Осмонов тууралуу укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмөнү облустун губернатору Байымбет Мураталиев өзү жазган. Соттун төрайымы Салтанат Эсенгулова азырынча сот качан болорун жана бул иш тууралуу кандайдыр бир маалымат бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG