Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

18:38 Жалалабатта этникалык кыргыздардын абалы талкууланды


Облуста расмий түрдө 2001 этникалык кыргыз каттоого алынганы менен бейрасмий маалыматтарда алардын саны 30 миңден ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Аксы, Алабука, Ноокен, Базаркоргон, Сузак райондоруна жайгашкан. Коңшу өлкөлөрдөгү кыргыздардын облуска көчүп келүүсү күчөөдө. Жарандык алуу укугу жөнөкөйлөштүрүлгөнү менен алар өз укугун коргоону билишпейт. Жарандыгы жоктугунан жумушка орношуу, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жогорку билимге ээ болуу жана жөлөк пул, пенсия алууда кыйналып, социалдык жеңилдиктерден сыртта калышкан. Кайсы мекемеге учурабасын коррупцияга туш болгонун облбийликке билдиришкен. Алабука районунда мектепти бүткөн 18 бала паспорт алалбаган. Аксы районунда 1994-жылы көчүп келген Өзбекстандык 200 кыргызга мыйзамсыз түрдө 60 гектар аянт үлүшкө берилген жана алар пенсия жөлөк пул менен камсыз болушкан. (YA)

XS
SM
MD
LG