Ху Цзиньтао эртең өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган депутаттар менен да жолугушмакчы. «Ала-Арча-1» мамлекеттик резиденциясында өтчү бул жолугушууга 13 депутат катышмакчы. Кытай төрагасы Кыргызстандагы сапарын 16-августта Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу менен жыйынтыктайт.(SM)