Бүгүн ал өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов баштаган депутаттардын тобу менен жолугушуларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Кытай төрагасынын Кыргызстандагы сапары кечээ башталган. Сапардын алгачкы күнүндө Ху Цзинтао президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, анын соңунда эки тараптуу кызматташтык боюнча 12 документке кол коюлду. Кытай төрагасы Кыргызстандагы сапарын эртең Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу менен жыйынтыктайт. (SM)