Бүгүн-эртең болчу бул жолугушууларга Жогорку Кеңештин 15 депутаты да катышмакчы. Анда кыргыз-иран жана кыргыз-ооган кызматташтыгына байланышкан маселелер талкууланат. Иран президенти Махмуд Ахмадинежад ошондой эле бүгүн дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Тойгонбек Калматов менен да жолугушмакчы. Иран соңку кездерде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчөлүккө кирүүгө кызыкдарлыгын билдирүүдө. Азыр Иран бул уюмда байкоочулук макамга ээ. Ооган президенти болсо саммитке ардактуу конок катары чакырылган.(SM)