Сот бул ишти эки күн мурда карап баштаган. Аталган иш боюнча милициянын эки кызматкерине «шалаакылык» беренеси боюнча айып тагылууда. Оппозициялык бириккен фронт быйыл апрелде уюштурган митингдин катышуучусу Бектемир Акунов 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагында табышмактуу жагдайда өлүмгө кабылган эле. (SM)