Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

10:15 Бишкек саммитине он мамлекет башчы катышмакчы


Алардын ичинен бүгүн кечке чейин Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Ооганстандын, Монголиянын президенттери келери болжолдонууда. Ал эми Кытай башчысы Бишкекке кечээ, Тажикстандын президенти бүгүн эртең менен келди. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын орун басары Лин Паско бүгүн түшкө чейин Бишкекке Алматы аркылуу келери күтүлүүдө. Түркмөнстандын президенти саммит башталаар алдында, 16-августта эртең менен келери күтүлүүдө. Мындан тышкары Пакистандын тышкы иштер министри, Индиянын Мунай жана жаратылыш газы боюнча министри да бүгүн келери күтүлүп жатат. ШКУнун жетинчи Бишкек саммити эртең саат 9.30да башталары болжолдонгон. ШКУга Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Иран, Пакистан, Индия, Монголия байкоочу болот. Калгандары конок катары чакырылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG