Ички иштер министрлиги Беларуска бара турган бардык кыргызстандыктарга өзү менен кошо эт азыктарын албоону эскертет. Бул расмий Минск бардык өлкөлөргө ушундай чектөө киргизүүгө байланыштуу болду деп кабарлайт ИИМдин басма сөз кызматы. Беларустун Кыргызстандагы элчилиги жиберген катта “Соңку учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө малдын шарп оорусу, канаттулардын сасык тумоосу жана тез жайыла турган Ньюкасл илдетине байланыштуу бул өңдүү чаралар колдонулуп жатат” деп айтылат. (ZMa)