Буга байланыштуу кечээ аталган тараптар депутаттардын, жарандык коомдун катышуусунда Жогорку Кеңешке отчет беришти. Анда белгиленгенге караганда, долбоордун алкагында жыйындар залын компьютерлештирилди. Бул добуш берүүнүн ишенимдүүлүгүн, мыйзам чыгаруу жараянын жакшыртуу максатында жасалды. Мындан тышкары жер-жерлерде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланышкан сабактар өттү. Отчетко байланышкан жыйынды Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков алып барды. (BuS)