Орусиянын биринчи президентинин эстелигин орнотуу иш чарасына Орусия Федерациясынын билим берүү боюнча Федералдык агенттигинин өкүлдөрү катышты. Борис Ельцин президент кезинде кол коюлган Кыргызстан-Орусия достугу, кызматташтыгы жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишимине кыргыз-орус (славян) университетинин түзүү жөнүндө жобо киргизилген. Борис Ельцин тирүү кезинде, 2005-жылы аталган окуу жайдын 50 студентине стипендия чегерген эле. Ельцин атындагы стипендия ошондон бери берилип келет. Бул окуу жайга Борис Ельциндин ысмы ыйгарылганы белгилүү.
14:51 Кыргыз - орус (славян) университетинин имаратына Борис Ельциндин эстелиги орнотулду