15-августта сотто күбө катары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси, орун басары жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын бир кызматкери суралды. Сот залында андан соң сыртка чыкканда да эки жаат болуп бир аз тирешүүлөр болду. Жабырлануу Урмат Акунов: “Башында эле биз интервью аркылуу да билдиргенбиз. Тергөө начар өтүп, биз бул жердеги тергөөгө нааразыбыз. Ошондой эле бүгүнкү тергөөнүн кемчиликтери чыкты. Күбө болуп Совет Курманакунов шаардын начальнигинин орун басары айтты, Нарын шаарынын мэри Бейше Боогачиевич ал кишини кармагыла, камагыла, тактагыла деп ошол жерде буйрук бергенинин негизинде гана биз барып, Нарын шаардык драм театрдын астынан кармап кеткенбиз. Биз ошондон кийин камаганбыз деп жатат. Бүгүн сотто да талап кылып жатабыз, бул жерге тергөөгө чакырылган эмес экен. Сот залына келип жооп берсин, Нарын шаарынын мэри Бейше Боогачиевич. Судья эртеңки сотко Нарын шаарынын мэри күбө катары кошумча чакырылсын деп прокурорго тапшырды”,- деп тергөөгө нааразылыгын билдирди. Сот отуруму эртең улантылат. (JI)