МОСКВА. Орусиянын полициясы интернетке чыккан улутчул маанайдагы тасма менен байланышы бар деген шек менен Майкоп шаарында окуп жаткан бир студентти кармады. Жекшемби күнү Орусиянын интернет сайттарында жарык көргөн тасмада тажик жана дагестандык эки кишинин өлтүрүлүп жатканы тартылып алынган.