Ага катышуу үчүн бул уюмга мүчө бардык өлкөлөрдүн президенттери кечээ Бишкекке келишти. Ошондой эле бул уюмда байкоочу макамга ээ төрт өлкөдөн Иран менен Монголиянын президенттери, Пакистандын тышкы иштер министри жана Индиядан мунай жана жаратылыш газы боюнча министри келди. Мындан сырткары саммитке Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысынын орун басары, ооган жана түркмөн президенттери ардактуу конок катары чакырылган. Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн эртең мененки саат 9 жарымда башталмакчы. Бул уюмга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө.(SM)