Алардын эң негизгиси «Узак мөөнөттүү достук жана кызматташтык жөнүндөгү» келишим болмокчу. Мындан сырткары кол коюлчу документтердин арасында Бишкек декларациясы, Биргелешкен Коммюнике, Маалымат коопсуздугу, ШКУ катчылыгын өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча чечимдер, Маданий кызматташтык, банктар аралык бирикемелер жөнүндөгү макулдашуулар бар. Кабыл алына турган документтердин сегизине мамлекет башчылары кол коюшат.(SM)