Буга чейин Киевдин аймактык соту БШКны Юлия Тимошенконун блогун каттоону кайра кароого милдеттендирген эле. Өткөн ишембиде БШК оппозициялык бул блокту документтер туура эмес толтурулган деген негизде шайлоо тизмесине каттабай койгон. Юлия Тимошенко БШКнын бул аракетинде саясий себеп бар деп, сотко кайрылган. Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо эмки айдын этегинде болот.