Поезд кырсыкка учураар алдында жүргүнчүлөр эки адамды көрүшкөнүн айтышууда. Бул окуяга байланыштуу “террорчулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Жардырууну улутчул экстремисттер уюштурду деп шектелип жатканын «Интерфакс» агенттиги атын атабоону өтүнгөн тергөөчүлөргө шилтеп маалымдады. Ошондой эле Орусия прокуратурасы бомба чабуулуна чечен козголоңчуларынын тийиштиги бар деген божомолду да териштирүүдө.
Дүйшөмбүнүн кечинде Новгород шаарына жакын жердеги темир жолдо жардыруу болуп, Москва-Петербург каттамындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддин 12 вагону темир жолдон чыгып кеткен. Андан 60 чакты адам жаракат алган. Учурда кырсык болгон жерде темир жол кыймылы толугу менен калыбына келтирилгени кабарланууда.