Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

13:30 Укук коргоочулар милиция кызматкерлерин актаган сот чечимине нааразы


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча 15-август күнү Нарын шаардык соту киши өлүмүнө байланыштуу соттолуп жаткан Нарын ШИИБнүн кызматкерлери Чыңгыз Керимкулов менен Таалайбек Чыпаевди толук актаган чечим чыгарган. Укук коргоочу сот чечимин адилетсиз деп эсептээрин жана аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Нарын облустук сотуна кайрылмакчы. Азиза Абдурасулова сот чечиминин акыйкатсыздыгы укук жана тартип коргоо органдарында коррупциянын чырмалышып өсүп кеткендигин көрсөтүп турат деп эсептейт.
Нарын ШИИБнүн жогоруда аты аталган кызматкерлери Акылбек Сакеевдин өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен КЖКнин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кыйноо” деген айып менен соттолушкан. Акылбек Сакеев өткөн жылы 22-ноябрда “уурулук кылган” деген шек менен Нарын ШИИБнө жеткирилип, көп узабай шаардык оорукананын сынык жана жаракат бөлүмүндө каза тапкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG