Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити аяктады. Уюмга мүчө Кытайдын, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары энергия ресурстарын экспорттоодогу орток кызматаштыкты өөрчүтүүгө жана орток коопсуздукту чыңдоого сөз беришти. Уюмга мүчө өлкөлөр ошондой эле маң зат жана курал аткезчилигине жана терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелерин талкуулашты. Шанхай кызматташтык уюмунун келерки саммити Душанбеде өткөрүлмөк болду.