“Сорос-Кыргызстан” кору “Бейөкмөт уюмдарды колдоо” программасынын алкагында “Мамлекеттик органдардагы жыйынтыктар боюнча башкаруу. Мониторинг, программаны баалоо жана мамлекеттик тейлөөнүн ыкмалары” деп аталган окуу жыйынтыкталды. Ага бейөкмөт уюмдардын, президенттик администрация, өкмөт, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана адистер катышты. Бул окуулардын жүрүшүндө катышуучулар мамлекеттик тейлөө, анын ыкмалары тууралуу дарстарды уга алышты. (ZMa)