ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

11:40 Акыйкатчы ИИМ министрине кайрылды

Анда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ички иштер министри Болот Ногойбаевдин ШКУнун Бишкек саммитинин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн “коңшу өлкөнүн Анжиан облусунун Ички иштер башкармалыгынан кошумча күчтөр келет. Өлкө жарандары жанында өздөрүн күбөлөндүргөн документтерин алып жүрүүсү зарыл. Тартип коргоо кызматкерлери бардыгын текшерүүгө алат ”,-деп айтканы маалымат каражаттарында чагылдырылды. Бул Конституциянын 81-беренсине жана Акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамдын 1-3-беренелерине ылайык өлкө жарандарынын укугун, эркиндигин одоно бузуу болуп эсептелет, деп айтылат кайрылууда. Ошондой эле башка өлкөнүн полицайынын кыргызстандыктардын жеке өзүнүн жана автоунаасынын документтерин текшерүү, атуулдардын Конституциялык укугун бузары белгиленген. Ал эми Ички иштер министрлиги Анжиандан кошумча милиция кызаматкерлери алынып келинери тууралуу сөз болбогонун абарлап, Акыйкатчынын маалыматын четке какты. (AJ)
​
XS
SM
MD
LG