Бүгүн Маң заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик үч жүзгө килограммга чукул баңги заттарды өрттөдү. Бул 2005-2007-жылдар аралыгында агенттиктин кызматкерлери тарабынан кармалган маң заттар жана бул боюнча жалпысынан 79 кылмыш иши ачылган. Маң заттарды жок кылууга агенттиктин кызматкерлери жана сот аткаруучуларынан түзүлгөн атайын түзүлгөн комиссия байкап турду. Үч жүз килограммга жакын маң заттардын жалпы суммасы 91 миллион 762 сомду түзөт. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы маалымдады. (ZMa)