Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

12:20 Өкмөт башчы БУУнун баш катчысынын орун басары менен жолугушту


Анда премьер-министр Алмазбек Атамбаев быйыл сырткы карыздардын 1,5 млрд. сому, келерки жылы 4 млрд. сом төлөн тургандыгын белгиледи. Бул төлөмдөр мамлекеттик бюджетке оордук келтирерин билдирген өкмөт башчы БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Линн Паскодон Кыргызстандын сырткы карыздарын жоюуга жардам берүүнү өтүндү. Линн Паско Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык каржы уюмдары сыяктуу БУУда көп каражат жок экендигин, бирок бул багытта мол тажрыйбалары, идеялары бар экендигин айтты. Ал ШКУнун Бишкек саммити жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG