№69 Балыкчы шайлоо округунан парламент депутаттыгына шайлоого "Алтын дан" акцинердик коомунун жетекчиси Жуман Акулуев талапкер болуп катталды. Буга чейин Бириккен фронттун мүчөсү Өмүрбек Субаналиев аталган аймакка өз талапкерлигин койгон. Бул чөлкөмдөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган маркум Тынычбек Акматбаевдин жана Рысбек Акматбаевдин атасы Абдымалик Акматбаев Балкычы шайлоо чөлкөмүндө депуаттык шайлоодо ат салышарын буга чейин "Азаттыктын" кабарчысына билдирген. Аталган аймакта шайлоо 30-сентябрда өткөрүлөт.(AJ)