Малдын ылаңын жугузуп алган төрт адам учурда ооруканада, калган бешөө жеринде алдын алуу методу менен дарылоодон өтүп, Күйдүргүнүн (Сибирь жарасынын) инфекциясына чалдыккан жок, деп билдирди Республикалык жугуштуу оорулар боюнча оорукананын 6-бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Айткулуев “Азаттыкка”. Август айынын башталышында Сокулук районунун Гавриловка айылынын эки тургуну Күйдүргү менен ылаңдаган уюн союп, этин кошуналарына тараткан.Ылаңдаган малдын этинен адамдарга күйдүргү жуккан. Бул боюнча кылмыш иши козголгонун ички иштер министри Болот Ногойбаев маалымдаган. (AJ)