Кыргызстандагы казак диаспорасынын жетекчиси Эркин Бөлөкбаев ага карата тагылган айыпты атайын ойлонуп табылган мыйзамсыз иш чара деп эсептейт. Ал видео кассетасын күч менен тартып алган милиция кызматкерлеринин аракетин менчигин тартып алуу катары баалап, аларды сотко берерин билдирди. Бөлөкбаевдин сотуна коомдук коргоочу катары “Адилет” клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, күбө катары Токтоайым Үмөталиева, адвокат Нурлан Садыков катышты. Эркин Бөлөкбаев 10-августун түнү “Ысыккөл” инвест банкты басып алуу аракетин видеокамерага түшүрүп жатканда, мыйзамсыз тартып атат, деп милиция кызматкерлери аны Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып барып камашкан. 11-августта Бишкектин Свердлов райондук соту парламенттин экс-депутаты, “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди бейбаштык кылган, тартип коргоо кызматкерлерин сөккөн, деп айып тагып 10 күнгө отургузуу чечимин чыгарган. (AJ)