Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

КЕРИМ ТУРАПОВ: МИНИСТР ЖАЗГАН ЫРДЫ ЫРДАП ЧЫКТЫМ


Кечээ Бишкекте ШКУ саммити бүткөндөн соң жыйынга келген коноктор Кыргыз улуттук филармониясында жогорку деңгээлдеги концертте болушту. Анда филармониянын директору, Кыргыз эл артисти Керим Турапов «Улуу жибек жолу» деген ырды аткарган. «Азаттыктын» таңкы түз обосуна Керим Турапов чыгып, кабарчыбыздын айрым суроолоруна жооп берди.

- Сиздер бул концертти коюуга филармониянын ремонтунан тарта концерттик программаны иштөөгө чейинки маселелердин айланасында көп убакыт бою даярданып жүрдүңүздөр эле. Эми анын жыйынтыгы тууралуу биринчи болуп өзүңүздөн билели деп турабыз. Кандай деңгээлде өттү деп ойлосуз?

- Биз бир топ убакыттар бою ШКУга даярдыкты көрүп жүргөнбүз. Анын үстүнө биздин Улуттук филармониянын имаратын тышкы, ички көрүнүштөрүн жакшынакай абалга келтирүү максатында иштедик. Ошондой эле келген конокторго бийик деңгээлдеги маданиятыбызды көрсөтүү максатында искусство чеберлеринен турган концертти даярдаганбыз. Бир ай бою концерттин үстүндө иштедик. Жалпылап айтканда жалпы иштеген кишилердин баарысы тең алдына койгон максаты, тагыраак айтканда эмгегинин акбети кайтып, купулга толоорлук жогорку деңгээлде концертибизди кечээ өткөрүп алдык. Негизинен кичинекей мамлекет болгонубуз менен, 5 миллионду камтыган калкыбыз болгону менен, бир жагы миллион турган чоң өлкөлөргө салыштырмалуу биздин маданий даярдыгыбыз, эл ичиндеги өнөрпоздорубуздун деңгээли абдан бийик экенин кечээ күнү дагы элдер байкады. Негизинен жасаган иштерибизге ыраазыбыз.

- Жакында таңкы “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып ал концертте өзүңүз да ырдай турганыңызды айткан эмес элеңиз. Кечээ “Улуу Жибек жолу” деген ырды ырдап чыктыңыз. Бул өзүнчө “сюрприз” болду окшойт. Ал ырды сиздер маданият министри Султан Раев менен бирге жараткан экенсиздер. Министр менен чыгармачылык тандем түзүү жеңил бекен?

- Акыркы учурларда бизге ушундай ой келген. Финалдык ырыбыз жок болчу. Ошого министр Султан Акимович Раев мага сунуштады, бир ыр жазбайсызбы деп. Анда мен айттым, текстин өзүңүз жазып бериңиз деп. Ал текстин жазып берди, мен кечээ өзүңүздөр уккан “Жибек жолу - өмүр жолу” деген ырдын музыкасын жаздым дагы, анан өзүм аткарганга аракет кылдым. Негизинен Султан Акимович чыгармачыл, өнөрлүү киши, маданиятты, искусствону да жакшы түшүнөт. Ошол себептен ал киши менен иштешүү мага жеңил болду.

- Саммитке келгендер үчүн салтанаттуу концерт коебуз деп анын арты менен көптөн бери ремонтту көрбөгөн филармонияда да жаңырып калды. Жалпысынан ремонттук иштерге канча акча кетти?

- Чыныгы иштин кызуу жүргөн учуру 2 жарым 3 айга жетпеген убакытты камтыды. 4-5 айдан мурда ишти баштаган элек. Кагаз, уюштуруу иштерди 2 айды алып койду. Негизинен 42 млн. 800 миң каражат жумшалды. Ал каражаттарды кайда жумшадык, мен буга чейин деле айтып келген элем. Негизинен кечээ биздин жалпы элибиз өздөрү күбө болуп, өз көздөрү менен көрүштү.

- Маегиңиз үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG