Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

19:30 Нарында маданият ишмерлери нааразы


НАРЫН. Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрынын жамаатынын бүгүн болуп өткөн нааразычылык жыйыны, облустук гезитке жарыяланган “Театр байпак базарыбы? Анын чырына катышкандар актерлорбу?” аттуу макаладан улам келип чыккандыгы белгилүү болду. Анткени театрдын батыш тарабындагы көчө жана театрдын ошол тарабы аралаш базарга айланган. Мындай нерсени жое албаган шаардык бийлик, эми театрды кошо көчүрүп жиберсин деген катуу талаптар да айтылды. Жыйындын ишине шаар мэриясынан өкүлдөр катышкан жок. Ал эми жыйындын катышуучулары театр айланасынан базар көчүрүлүп, тиешелүү жер театрга бөлүнмөйүнчө нааразычылыктары басылбасын билдиришти. (KUs)

XS
SM
MD
LG