ОШ. Мурдагы чоңу Тимур Камчыбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, Ош облус губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевге Каракулжа раймилициясынын башчысын урган деп айыпталып жаткандыгына байланыштуу ордуна Керим Макеев шайланды. Керим Макеев “Жаңы Кыргызстан” партиясынын аймактык лидери, март ыңкылабынын Оштогу активдүү катышуучусу. Анын сөзүнө таянсак, сентябрда түштүк революционерлердин курултайы өтүп, бийлик бутагында отургандардын эки жарым жылдан берки отчету угулат. Өзгөндүк ыңкылапчы Абдыкар Абдрахманов коомдук бирикме чукул жыйынында Кушбак Тезекбаевди бошотууну, Тимур Камчыбековду куугунтуктоону токтотууну суранып Бишкекке атайын өкүл жөнөтөрүн телефон аркылуу кабарлады. (АТ)