Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоого Кыргызстандагы 142 казак жараны добуш берет. Учурда элчиликте уюштурулган шайлоо участогуна атуулдар добуш берүүгө келип жатат, деп билдирди Казакстандын элчисинин биринчи катчысы Эрбол Ахмедов “Азаттыкка”.
Маалыматтарга караганда Казакстандын парламентинин төмөнкү палатасына 107 депутаттын 98пропорционалдык система менен шайланышат. Калгандарын Казакстан элдеринин Ассамблеясы менен президент алдындагы консультативдик-кеңеш органы тарабынан көргөзүлөт. Шайлоого жети саясий партия ат салышып, 8,8 млн. шайлоочу добуш берет. Байкоочулардын божомолунда парламенттин төмөнкү палатасына шайлоодо казак президенти Нурсултан Назарбаевдин “Отан” партиясы көпчүлүк добушка ээ болушу күтүлүүдө. (AJ)